Кылмыш-кырсык

ИИМ: Эки жаранды өлтүргөн кылмышка шектүү жаран Бишкек шаарынан кармалды

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн жана областтык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 1-февраль күнү саат 20:00 чамасында Ысык-Көл районунун Кашат айылындагы үйлөрдүн биринде 54 жаштагы И.Ж. менен анын уулу 29 жаштагы Ы.К.ны өлтүрүп кеткен кылмышка шектүү жаран 26 жаштагы Ж.А. Бишкек шаарынан кармалды. Учурда аны Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишти.
Бул окуя Ысык-Көл РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренеси боюнча катталып, сотко чейинки башталган.
Азыркы учурда Ысык Көл райондук ички иштер бөлүмү жана областтык милиция кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштер боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button