Кыргызстандын 28 жараны Азербайжан аркылуу Ирандан эвакуацияланды


Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.
Эвакуациялангандар «Астара» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу коопсуз аймакка өткөрүлгөнү айтылды.
Министрлик көмөк көрсөткөнү үчүн Азербайжан тарапка ыраазычылык билдирди.
Кыргыз жарандары жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келери кошумчаланды.