Коом

Окуучулардан коронавирус аныкталган «Газпром Кыргызстан» мектеби карантинге жабылды

«Газпром Кыргызстан» мектеби карантинге жабылып, окуучулар аралыктан билим алууга өттү. Бул тууралуу окуу жайдын директору Татьяна Кузнецованын  билдирүүсүнө таянуу менен «Спутник» агенттиги жазды.

Анын айтымында, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан эки класстын окуучуларынан коронавирус табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Мындан улам Билим берүү жана илим министрлигинин алгоритмине ылайык, эки аптага аралыктан окууга өттүк», — деди жетекчи.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы курган мектеп 960 балага ылайыкталган. Окуу имараты Аалы Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүндө жайгашкан.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button