Кытайдын түштүгүндөгү селден улам 40 миң киши эвакуацияланды


ССТV жазгандай, кеминде 150 адам жабыркады.

Жунцзянда көчөлөрдү суу каптап, жол кыймылына тоскоолдук жаралды. Кээ бир жерлерде суунун деңгээли 3 метрге чейин көтөрүлдү. Абанын температурасы аймакта +35°ка жетүүдө.

Коммерсант гезити маалымдагандай, Гуйчжоу провинциясынын Жунцзян уездиндеги сел акыркы 30 жыл ичинде эң күчтүү болду деп айтылууда.

Суу ташкын сезондук жаан-чачындан улам көбөйдү.