Коом

Түркмөнстанда тургундар кургакчылыктан улам мал жандыктарын союууга аргасыз болууда

Түркмөнстандын Мары аймагындагы Серхетабад шаарында (мурдагы Кушка) малдын саны кургакчылыктан улам азайып баратат. Айыл тургундары чөп жок болгондуктан, мал жандыктарын союууга аргасыз болуп жатышат, деп жазат turkmen.news.

«Талаада бир да чөп жок. Тоют сатып алганга эч кимдин акчасы жетпейт. Айрыкча чарбада бир нече уй жана бир короо кой болсо. Бардык тоютту сатып ала албайсыз. Биз малды жок кылышыбыз керек. Бирок, мал көп союулуп жатса деле эттин баасы төмөндөбөй жатат ” -дейт жергиликтүү тургун.

Дашогуз аймагындагы жашаган жарандар март айында малга тоюттун кымбаттаганы жөнүндө айтышкан. Ушундан улам, жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү мал кармоодон арылууга мажбур болушууда. Мал жана үй канаттууларын багууну уланткандар алар көбүнчө жашылчалардын кабыгын таштанды челектеринен издешүүдө.

Серхетабаддыктар май айында жаай турчу  жаанга  үмүт артышууда. Бирок, «Метеожурнал»
кабарлагандай, май айынын башында кыска жамгырдан кийин Түркмөнстанда кургак аба ырайы күтүлөөрүн маалымдаган.

Ошол эле айыл тургундары ушул жылдар аралыгында, климаттын өзгөрүшүн эске алып иш алып бара албаган жетекчилердин күнөөсү менен, алардын туура эмес иштөө методдорунан улам болуп жатат деп эсептейт.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button