Кылмыш-кырсык

Санкт-Петербургда 5-кабаттан кулап кеткен кыргызстандык кыздын абалы оор болууда

11-майда Санкт-Петербургда кыргызстандык 10 жаштагы И.М. этиятсыздыктан улам көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен түшүп кеткен. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, кыз көптөгөн жаракаттары менен ооруканага жеткирилген, абалы өтө оор деп бааланууда.

Жакын арада жабыркаган жердерине операция жасалуу пландалууда, анын жыйынтыгында жасалма дем алдыруу аппаратынан бошотулат жана кыз өз алдынча дем ала баштайт.

Аталган маселе КРнын РФдагы элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясынын көзөмөлүндө турат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button