Коом

Ташиев: «УКМК «Кумтөрдүн» жетекчилигине каршы козголгон кылмыш ишин иликтөөдө»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Кумтөрдүн» жетекчилигине каршы козголгон кылмыш ишин иликтөөдө. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, Кумтөр кенине байланыштуу төрт кылмыш иши бар.

«Алардын бири мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге козголгон. Ал компанияга кошумча жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча айыпталып жатат. Салыктык чегерүүлөрдү эсептөө жана зыяндуу заттардын жүгүртүлүшү жана абанын булганышынын эрежелерин бузуу жөнүндө да иш бар», — деди ал.

Анын айтымында, компаниянын жетекчилигине бир кылмыш иши козголгон. «Келишимге кол койгон бардык чиновниктердин жоопкерчилигин карайбыз. Биздин «Кумтөрдөн» колдоо алган депутаттарга дагы тиешебиз бар. Бул негизсиз айыптоолор эмес, бул конкреттүү айыптар коюлган конкреттүү кылмыш иштери», — деди ал.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button