Коом

ТИМ Сауд Аравиясындагы кыргызстандык аялдын зомбулукка кабылганы боюнча ишти көзөмөлүнө алды

Кыргызстандык аялдын Сауд Аравиясында күйөөсү тарабынан  ур-токмокко алуу боюнча кайрылуусу аталган өлкөдөгү кыргыз элчилигинин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Сауд Аравиясында жашаган Асел Дуванаева үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айтып, жардам сураган видео жарыяланган.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Сауд Аравиясындагы Кыргызстандын элчилиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте кырдаалды жөнгө салууда.

«Маселе дипломатиялык өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө. Кийинчерээк толук маалымат беребиз ”, — деп белгиледи Тышкы иштер министрлиги.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button