Адам күндө бир нече стакан суу ичиш керек дегенди көп жолу уккан чыгарсыз. Билсеңиз бул пайдалуу адат.

Бирок көпчүлүк адамдар жылуу суудан көрө муздак суу ичкенди жөн көрүшөт. Ал чындыгында муздак суунун организмге тийгизген зыяны көп.

Тамак сиңирүү системасына тийгизген таасири муздак суунун таасиринен тамактын курамындагы майлар тоңуп, катып калып, тамак аш сиңирүү процесси жайлайт. Ал эми жылуу суу тескерисинче, тамакты тез эритип, ал аркылуу ичтин катуусуна жол бербейт. Дем алуу системасына тийгизген таасири муздак суу былжыр бөлүп чыгарып, дем алуу системасында оорулар пайда болуу коркунчун жогорулатат.

Жылуу суу, тескерисинче, тамакты жумшартып, ооруну болтурбайт. Дем алуу органдары ооруган кезде же болбосо күндө эртең менен жылы суу ичкен пайдалуу. Кан тамыр системасына тийгизген таасири муздак суудан кан тамырлар тарылат.

Ал эми жылуу суу ичкен кезде ал кеңейип, натыйжасында кан айлануу жакшырат. Ушунун аркасында организмиңиз токсиндерден тез арылат. Нерв системасына тийгизген таасири Баш оорунун пайда болушуна көбүнчө төмөн температура себеп болот. Дарыгерлер жүргүзгөн изилдөөгө таянсак, муздак суу баш шакыйы менен ооруган адамдардын оорусун андан ары күчөтүп жиберет экен. Ал эми жылуу суу, тескерисинче, ооруну басат.

Интернет булактарынан алынды.