Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы республикалык фонду, Нурканбек Турсунбаев атындагы Эл аралык коомдук кайрымдуулук фонду жана Кыргыз Республикасынын эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын өчпөс элесине арналган “Таттыбүбү кыргыз поэзиясында” аттуу сынагы өткөрөт.
Сынакка:
— 16 жаштан 37 жашка чейинки курактагы акындар катыша алышат;
— Тапшырылган ырлардын көлөмүнө чектөө коюлбайт;
— Чыгармалар жазуу түрүндө электрондук вариантта гана кабыл алынат;
— Бир автор бир гана ыр менен катышууга укуктуу;
— Ырлар мурда сынакка катышпаган болушу шарт;
— Чыгармалар Документ Word. (doc же docx) файлдарында шрифт Times New Roman 14 өлчөмүндө, 1,5 аралыкта болуусу керек. Ырлар “Нурборбор” чыгармачылык академиясында кабыл алынып жатат.
Сынактын жалпы байге фонду 100000 (жүз миң) сом
Баш байге: 15000 (он беш миң) сомдон эки жеңүүчүгө;
1 – орун: 10000 (он миң) сомдон эки жеңүүчүгө;
2 – орун: 7000 (жети миң) сомдон эки жеңүүчүгө;
3 – орун: 5000 (беш миң) сомдон эки жеңүүчүгө;
Кызыктыруучу 12 (он эки) сыйлык 2000 (эки миң) сомдон.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык төлөмдөрүн эске албаганда.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2021-жылдын 30-май күнү саат 14:00до Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүл багында концерттик программа менен коштолуп, Таттыбүбү темасындагы ырлар жаңырат.