Бүгүн, 25-май күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда тоого эс алууга бара жаткан бүтүрүүчүлөр милиция кызматкерлери тарабынан токтотулду. Бул тууралуу  Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар Мерседец Гелендваген үлгүсүндөгү унаа менен бара жатышкан.

«Аламүдүн районунун жол кайгуул кызматынын кызматкерлери нөөмөттө турганда акыркы коңгуроо салтанатын майрамдоого тыюу салынгандыгына карабастан Теплые ключи эс алуучу жайына бара жаткан бүтүрүүчүлөрдү аныкташкан. Милиция кызматкерлери унааны токтотуп, бүтүрүүчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң аларды үйлөрүнө баруу үчүн артка жөнөтүшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын Ленин районунда тогуз өспүрүм бүтүрүү кечесин белгилеп, унаа айдап бара жаткан жеринен  кармалды. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, акыркы коңгуроо күнү коомдук тартипти жана мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылат.

Ошол эле учурда, ата-энелерге жол кырсыктарын алдын алуу үчүн жашы жете элек балдарга унаа бербөө сунушталат.