Коом
Быйыл өлкөдө 11-классты 61 546 өспүрүм аяктап жатат
Быйыл Кыргызстанда 11-классты 61 546 өспүрүм аяктап жатат. Ал эми 9-классты 103 414 окуучу бүтүрдү. Бул тууралуу Билим берүү берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлик коронавирус пандемиясынан улам өлкө аймагында «Акыркы коңгуроо» салтанатын онлайн өткөрүү тууралуу буйрук чыгарган.
Ал эми Бишкек шаары боюнча 6 миң 980 бүтүрүүчү мектепти аяктоодо.
Мэр Бактыбек Кудайбергенов онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү жана мугалимдерди куттуктады.
Мэрия борбор калаадагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо алгоритмдерди жана бардык санитардык-эпидемио
Эске салсак, Кыргызстанда жалпы 2 296 мектеп бар.