Кыргыз эли өтө баамчыл эл келип, жылкынын ар бир түсүнө өзүнчө ат берип, жаңылбай так айтышат.
Кула — денеси, башы сары, кум түстө, бутунун төмөн жагы, ичи, куйругу, жалы кара, кыр аркасынан куйруктун түбүнө чейин кара сызык кетет.
Сур — кула эмес, бозомтук өң.
Жээрде — денеси, куйругу, жалы мала же ачык кызыл.
Тору — денеси, башы кызгылт күрөң, ал эми жалы, куйругу, буттарынын ылдыйкы бөлүгү кара.
Карагер — денесинде кара кылдар көп, бирок башка түстөгү (кара-күрөң) кылдар да аралашкан, ошондуктан өңү чымкый кара болбойт.
Сарала — сарысы көп болсо сарала бээ же сарала ат же жашына жараша сарала тай, сарала кунан, сарала бышты деп атайбыз.
Карала — эгерде карасы кеп болсо карала кулун, тай, кунан, бышты, ат же бээ делинет.
Чабдар — денеси кара күрөң түстө, алмадай ак чоң темгилдери (точкалары) бар, куйругу, жалы ак же түтүндүн (дымчытый) өңүндөй.
Буурул — туулганда ак жундуу болот, кийин сары, кара, күрөң жүндөр аралаш, ал эми денеси, куйругу, башы, соорусу, жалы, бутунда ак кыл аралашпайт.
Торала — тору менен ак аралаш,
Боз — кыргызда мал баласын «ак» — деп атабайт. Ошондуктан өңү ак жылкыны боз же кызыл деп аташат.
Көк — көгүш тирилүү жылкы. Жаш кезинде көк кылдар көп болуп ал эми улам жашы көбөйгөн сайын бозоруп, боз түскө айланат. Жаш кезинде көк болсо 2-3 асыйынан тартып боз боло баштайт.
Сары тору — денеси сары бирок куйругу кара болот.
Чаар — денесиндеги ак жүндө күрөң тактар же денедеги күңүрт жүндө ак тактар бар.
Ала — ар кандай түстөгү жылкынын денесинде чоң-чоң ак тактар бар, же болбосо жартысы ак, жартысы кара же ар кандай түстө болот.
Ала аяк жээрде — денеси сары, бирок арткы эки бутунун чачыгынан өйдө ак болсо “ала аяк” аталат.
Күрөң — денеси киргилт сары түстө, жалы жана куйругу күңүрт кара болот.
Кара — денеси, куйрук жалы кара түстө болот.
Кыргыздар жылкынын денесиндеги кичинекей түсү боюнча өзгөчөлүктөрдү эске алып, ошого жараша да жылкы баласын ар түрдүү аташат.
Алар:
Ак_байпак — төрт буту, тизеден ылдый ак болот.
Кашка — мандайында ак так бар. Эгерде кашкасы узун болуп, устунку ээрдине өтүп кетсе мындай жылкыны ата-бабалар ыйык көрүп, минген эмес.
Чекир — көзү көк, кый көз аттарды айтышкан.
Сур_коён — ак менен каранын ортосу.
Кашка_баш — эки колу, эки бутунда туяктын үстүндө (бакайында) ак түс жана башында кашкасы бар жылкылар,
Ак_таноо — таноосунда агы болсо, ошого жараша аталган.
Кыргыздар эч качан ак ат, ак бээ деп атаган эмес, анткени, “ак” — деген сөз «ыйык, алланын аты» деп, ак түстөгү жылкыны боз, ак-боз же кызыл ат деп аташкан. Мындан сырткары чымчык-чаар деп да аташкан.
Каныбек Казыбеков