Армениянын чек ара бөлүгүндө, кечээ, 25-майда азербайжан армиясынын катышуусунда ок атышуу болду, деп билдирди Армениянын Коргоо министрлиги.
«25-майда саат 14: 20да Гегаркуник аймагындагы Верин Шоржа конушунун чек ара бөлүгүндө ок атуучу куралды колдонуу боюнча окуя катталган. Тактап айтканда, каршылаш тарап армян күзөтчүлөрү тарапка ок чыгарды », — деп айтылат билдирүүдө.
Атышуунун натыйжасында «келишимдик негизде кызмат өтөгөн, сержант Хуршудян» өлтүрүлгөнү белгиленди.
12-13-май күндөрү Азербайжан армиясынын бөлүктөрү Сюник жана Гегаркуник аймактарында Армениянын аймагына киришкен. Армения буга байланыштуу ЖККУга кайрылган.
Буга чейин Тоолуу Карабактагы тынчтыкты сактоо миссиясы жана Армения-Азербайжан чек арасындагы кырдаалды Армениянын убактылуу Коргоо министринин милдетин аткаруучу Вагаршак Арутюнян жана Карабахтагы Россиянын тынчтык контингентинин командачысы Рустам Мурадов талкуулашкан.