Коом

Африкада ондогон адамдар жанар тоонун атылышынын курмандыгы болушту. Сүрөт

Африкада, Конго Демократиялык Республикасы менен Руанданын чек арасында Нирагонго жанар тоосу ойгонуп — атылуу 22-майда башталган. Жергиликтүү бийлик вулканга жакын жайгашкан Гома шаарынын тургундарын эвакуациялоону чечти.

Жарылуудан качып, бир нече миңдеген адамдар Руанданын чек арасынан өтүп, аларды мектептер менен чиркөөлөргө жайгаштырышкан. Массалык маалымат каражаттарынын айтымында, лава агымдары шаардын аэропортуна чейин жеткен. Нирагонгонун эң күчтүү атылууларынын бири 1977-жылы болуп, андан бир нече жүздөгөн адамдар каза болгон.

«Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, кырсыктан каза болгондордун саны 32ге жетти. Көз жумгандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button