Бишкек–Ош унаа жолунун Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү тилкесинде жүк ташуучу унаа менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 5 киши каза болду.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкек–Ош унаа жолунун 170-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) «Тойота Камри» менен «МАН» кагышкан. Анын кесепетинен «Тойота Камри» унаасындагы 5 адам (2 эркек, 2 аял, 1 бала) каза болгон.

ӨКМдин куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун 5 куткаруучусу барган. Алар каза болгон адамдарды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Күбөлөрдүн айтымында, жеңил унаадан 3 барсетка акча чыккан.

«Эки барсетка акча саналбай кетти. Аны тергөөчүлөр алып кетти. Куткаруучулар акча жоголуп, ызы-чуу болбосун деп ошол жакта жүргөн күбөлөрдүн көзүнчө бир барсетканы санашкан. Ошондо туура 840 миң сом чыккан. Калган эки барсеткада канча акча бар экени белгисиз.

Унаада бир үй-бүлө бараткан экен. Оштон чыгып, Бишкектеги жакындарынын үйүнө баратышыптыр. Айдоочу 1992-жылкы бала, анан эки аял, дагы бир 18 жаштагы жигит жана 10 жашар бала бар экен. Баары каза болуп калды» деди күбөлөр.