Майнинг-ферманын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, ошондой эле республикада электр энергиясынын жетишсиздигин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-фермасынын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып жана ага бөгөт коюлду.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан майнинг-фермасынын эксплуатациялоо үчүн электр энергиясын мыйзамсыз камсыз кылып, экинчиден электр энергиясын керектөөдөн ашыкча киреше алып, андан кийин республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө түшкөн ири өндүрүүчү объекттери аныкталды.

Аталган факт УКМКнын сотко чейинки өндүрүшүнө катталды. Кылмыш ишинин алкагында төмөнкү даректер боюнча майнинг-ферма иштерин уюштуруу үчүн 2 миңге жакын жабдуу алынган:

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дружба айылы;

— Бишкек шаарынын Чокан Валиханов көчөсүндөгү өнөр жай объектилери;

— Бишкек шаарынын Табалдиев көчөсүндөгү өнөр жай объектилери;

— ЭЭА аймагындагы Бишкек шаардык өнөр жай объектилери;

— Бишкек шаардык «Фрунзе» заводу, Интергельпо көчөсү;

— Бишкек шаарындагы Чокан Валиханов көчөсүндөгү жеке менчик объект.

Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо боюнча иш-чаралар улантылып, тергөө иштери жүрүп жатат.