Эл үнү

«Болот Кундузов аткезчилердин тамагына тыгылган кылкан болдубу?»

 Акыркы мезгилдерде кызматка келген адамды караламай өнөкөтү өрчүп, улам кызматка келген жаш кадрлардын дарегине түрдүү сындар айтылып, жеке жашоосуна чейин кирип кеткен учурлар кездешип жатат. Өзүн Лейлектин тургунумун деп тааныштырган Курсанай аттуу айым редакциябызга кат менен кайрылып, Лейлек РИИБине бөлүм башчы болуп дайындалган Кундузов Болот Акылбековичти каралоо болуп жатканын жазып кат жолдогон.

Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз:

Баткен облусунун Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси болуп, милициянын подполковниги Кундузов Болотбек Акылбекович дайындалды деген буйрук чыккын күндөн тартып, айрым бир  ичи тар, өзунөн башканы ойлобогон адамдар каралоо кампасын ачып, жокту бар, кумурсканы пил кылып көрсөткөн адатын баштады. Болот Акылбековичке каршы кызматкерлердин атынан доо арыз жаза калып Фейсбукка чыгара калып, бут тосууну баштадыңар.

Болот силер элестеткендей  “каттанин”  баласы эмес. Жөнөкөй эле  айыл  тургуну Акылбек аванын баласы, а киши министр же генерал эмес. Баласын бир кезде Бишкектен окуткан. Тырнактай кезинде Таласта катардагы милиция болуп иштеп тажрыйба топтоп,  Баткен РИИБдин башчысы болуп, Кыргызстанды түрө кыдырып кызмат кылган ИИМдин кызматкери болот.

Мурда иштеп кеткендер кызмат ордун талашып, тажиктин аткезчилик товарларын көз жумду кылып  өткөрүп келгендер, Болоттун жетекчи болушу менен арам тамагыңарга кылкан тыгылгандай болуп, жан алыңар калбай каралап жатасыңар.

Азыр заман өзгөрүүнүн жолунда, мурдагы жомокко эл ишенбейт. Лейлек эли, элдик кошуундар өздөрү тажиктин контрабандасын кармап өрттөп жатат. Эски жетекчилер силер мыкты болсоңор Лейлекке чымчык учуп кире албайт эле. Ошондой тартипти камсыз кылуу үчүн Улан Ниязбеков Болот Акылбековичти жетекчи кылып дайындады. Анын элине ак кызмат кылаарына ишеним күч!Ошондуктан, биз  Болотко бут тоспой жаш кадрды колдоп иштегенге мүмкүндүк берүү керекпиз!»

Курсанай Лейлектен

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button