Коронавируска каршы күрөшүү боюнча штаб бүгүн, 29-майда акыркы бир суткада COVID-19 илдетинин жана пневмониянын лабороториялык тастыкталган 356 жаңы учуру катталганын кабарлады.
Бишкекте 161,
Ош шаарында — 63,
Чүй облусунда – 78,
Ош облусунда — 10,
Талас облусунда — 6,
Нарын облусунда — 7,
Ысык-Көл облусунда – 22,
Жалал-Абад облусунда – 5,
Баткен облусунда – 3 кишиден аныкталды.
Ошол эле учурда өлкөдө бир суткада 9 бейтап илдеттен каза болду.
458 бейтап илдеттен сакайып чыкты.