Коронавирус илдетин  дарылоодо керектүү болгон дары-дармектер Россиядан Кыргызстанга жеткирилет. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-майда Россиядагы элчи Гүлнара-Клара Самат «Новофарм» ААКсы (Кыргызстан) жана «Группа компаний «Промомед» (Россия) компанияларынын жетекчилеринин жолугушуусуна катышты.

Анын алкагында, Россия Федерациясында өндүрүлгөн жана COVID-19 жаңы коронавирус инфекциясын дарылоодо колдонулган дары-дармектерди Кыргыз Республикасына жеткирүү жөнүндө келишимге кол коюлду.

Элчи COVID-19га каршы күрөшүүдө Кыргызстанга Россия тарабынан көрсөтүлгөн ар тараптуу жардамды баса белгилеп, Россияга заманбап медициналык жабдууларды Кыргызстанга жеткирүү коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандарды натыйжалуу дарылоого мүмкүнчүлүк түзүп, кыргызстандыктардын ден соолугун жана өмүрүн сактоого кызмат кылат деп үмүттөнөрүн билдирди.

Маалымат үчүн: ММ «Промомед» — Россиянын фармацевтика тармагынын лидерлеринин бири, дары коопсуздугу боюнча улуттук тутумдун активдүү катышуучусу. Заманбап дары-дармектерди иштеп чыгат, өндүрөт жана сатат.