Баткен облусунда эки бала бакча ачылып, пайдаланууга берилди.

Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн, 29-майда Баткен районунун Рават айылында жана Лейлек районунун Катраң айылында 50 орундуу бала бакча салтанаттуу ачылды.

Иш-чарага Баткен облусунун башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаев баштаган жергиликтүү жетекчилер жана АРИС уюмунун аткаруучу директору Бекжан Супаналиев баш болгон аталган уюмдун өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

Балдар бакчалардын курулушу АРИС тарабынан Рават айылындагы бала бакча үчүн 14 млн сом каржыланып, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана жергиликтүү коомчулуктан 1 048 923,59 сом салым болгон.

Ал эми Катраң айылындагы бала бакча үчүн АРИС уюму тарабынан 11 млн сом каржыланып, айыл өкмөтү жана жергиликтүү коомчулуктан 1 797 164,84 сом салым кошулган.