Түркмөнстанда мамлекеттик мекемелердин башчыларына түркмөн президентинин атасынын көзү өткөндөн кийин 40 күн өткөнгө чейин баштарын кырып, түркмөн баш кийимин тагынууга буйрук берилди. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун  түркмөн редакциясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, буйрук жеке ишканалардын жетекчилерине дагы тиешелүү. Аялдар аза күтүү белгиси катары кара түстөгү оймо-чиймелерди кийишет.

Гурбангулы Бердимухамедовдун атасы Мяликгулы Бердымухамедов 18-апрелде 88 жаш курагында көз жумган. Андан кийин Республиканын Президенти жети күн эл алдына чыкпай, Президенттин уулу Сердар Бердимухамедов Түркмөн жылкысы жана Алабайдын Улуттук күнүндө майрамдык салтанаттарды алып барды.