Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги өздүк булактарына таянуу менен жазды.

Парламенттин экс-спикери «Кумтөр» компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары өтөт.

Буга чейин экс-премьер-министр Темир Сариев «Кумтөр» иши боюнча суракка алынган. Кийинчерээк УКМК мурдагы депутаттар Турсунтай Салимов менен Сергей Ибрагимовду дагы суракка алгандыгы белгилүү болду. Бүгүн экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов дагы суракка чакырылганы айтылууда.

Эскерте кетсек, 15-майда «Кумтөрдүн» кеңселеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Кийинчерээк тергөө иш-чаралары коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнү белгилүү болду. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» кенине байланыштуу төрт кылмыш иши бар экендигин айткан.

Компания учурда убактылуу тышкы башкарууга берилип, ага Тенгиз Бөлтүрүк жетекчи болуп дайындалган.