“Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча УКМК тарабынан кармалган Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов эки айга камакка алынды. Мындай чечим бүгүн, 2-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан чыгарылды.
Маалыматка караганда, Өмүрбек Бабанов 2021-жылдын 31-июлуна чейин УКМКнын тергөө абагында болот.
Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» иши боюнча 31-майда кармалган.