«Кумтөр Голд» компаниясына сырттан башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр» компаниясы кызматкерлердин санын көбөйтө тургандыгын Фейсбуктагы баракчасына билдирди.

Ал   жумуш орундары кыскартылат деген көптөгөн имиштер болуп жаткандыгын, бирок тескерисинче, компания кызматкерлердин санын көбөйтө тургандыгын жазган.

«Биздин максатыбыз — «Кумтөрдү» Кыргызстандын тоо-кен казып алуу тармагы үчүн адистерди даярдоо жайга айлантуу. Биз Компанияны жана Кыргыз Республикасын профессионалдык-техникалык жана лидерлик көндүмдөргө ээ кадрлар резерви менен камсыз кылууга умтулабыз. «Кумтөр Голд Компани» ЖАК жаштарды колдоо программаларына көңүл бөлөт, аларга өз билимдерин, алдыңкы катардагы технологияларды жана атайын көндүмдөрдү колдонуп баалуу эл аралык тажрыйба алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин студенттерди академиялык жана ошондой эле кызматтык ийгиликтерди аркалоого даярдайт», — деп жазган ал.

Ошондой эле Бөлтүрүк ага Кыргызстандын жарандары «Кумтөр» компаниясына жумушка орношуу маселелери боюнча күн сайын жеке жана телефон аркылуу кайрылып жаткандыктарын билдирген.

«»Кумтөрдөгү» ачык вакансиялардын бардыгы компаниянын корпоративдик вебсайтында жарыяланып тураарын белгилемекчимин. Биз кызматкерлерди конкурстук негизде тандап алабыз! Мындан ары «Кумтөргө» орношуунун ачык, тунук, адилеттүү жана чынчыл процесси камсыз кылынат», — деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар “Кумтөр” алтын кенин иштетүүчү компаниянын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетун карап, министрлер кабинетине кенди пайдалануу чөйрөсундө «Centerra Gold Inc.» компаниясынын жоопкерчиликсиз аракетине байланыштуу «Кумтөр Голд Компани» компаниясына тыштан башкаруу киргизүүнү, андан тышкары убактылуу тыштан башкаруучу дайындоону сунуштаган.

Ошондой эле «Кумтөр Голд Компани» компаниясы жумушчулардын иш графигин, карьердин капталдарын көзөмөлдөө жана сканерлөө тутумун өчүрүп салганы маалым болгон.

Жыйындын жүрүшүндө УКМК башчысы Камчыбек Ташиев “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кийин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов министрлер кабинетинин “Убактылуу тыштан башкаруу дайындоонун тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна кол коюп, «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын убактылуу тыштан башкаруучусу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Калдыктарды мөңгүлөрдө сактагандыгы үчүн “Кумтөр Голд Компани” компаниясына 261 миллиард сом төлөп берүүгө милдеттендирилген, бул 3,2 миллиард долларды түзөт. Дагы 1,2 миллиард доллар — төлөнө элек салыктар. Жалпысынан компанияга карата каржылык талаптардын көлөмү 4 миллиард 250 миллион АКШ долларын түзөт.