Жалал-Абад шаарында 7 жашар кызга бир тууган жездеси сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБине 1980-жылы туулган жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда 1-июнь күнү болжол менен саат 11:00 чамасында 2014-жылы туулган кызына карата 1990-жылы туулган Ш.А. аттуу күйөө баласы өзүнүн унаасынын ичинде сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган деп билдирген.

Бул арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 162-берене «сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Учурда кызга карата тиешелүү экспертиза дайындалды. Милициядан териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.