Мусулмандардын дин башкармалыгы өлкөдөгү халал индустриясын шариятка ылайык өнүктүрүү максатында “Халал иштерин өнүктүрүү” бөлүмүн ачып, анын башчылыгына Бактияр ажы Токтогазы уулу дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев кол койду. «Мындан ары башкармалыктын “Халал иштерин өнүктүрүү” бөлүмү экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын халал индустриясы менен тыгыз кызматташып, халал иштерин шариятка ылайык өнүктүрүүдө мыйзамдын чегинде бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшамакчы», — деп жазылат билдирүүдө.