2021-жылдын январь-май айыларында пенсия жана жөлөкпулга 20 млрд 754,5 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Алсак:

— Бишкек шаарында — 3 млрд 396,2 млн сом;

— Чуй облусунда — 3 млрд 190,8 млн сом;

— Нарын облусунда — 1 млрд 655,7 млн сом;

— Иссык-Көл облусунда — 1 млрд 892,2 млн сом;

— Талас облусунда — 858,9 млн сом;

— Ош шаарында — 745,1 млн сом;

— Ош облусунда — 3 млрд 799,2 млн сом;

— Баткен облусунда — 1 млрд 658,4 млн сом;

— Жалал-Абад облусунда — 3 млрд 558,0 млн сом.

Ал эми пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2021-жылдын май айына 4 млрд 182,7 млн сом түздү.