ИИМдин “Динамо”  спорт комплексинде ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору, ССРдин грек-рим жана күрөш боюнча спорттун чебери Темиркан Субановдун жаркын элесине арналган ИИМдин чемпионаты башталды.

Ага  ИИМдин борбордук аппаратынын башкармалыктарынын жана областтык башкармалыктардын кызматкерлери катышып жатышат. Чемпионаттын ачылышына ИИМдин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков барып катышып спорт күйөрмандарына жана Темиркан Субановдун жакындарына кайрылды. «Бүгүн, биз маркум агабыз, ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Субанов Темиркан Усуркановичтин жаркын элесине арналган кыргыз күрөшү боюнча кезектеги мелдешти өткөрүп жатабыз.

Бул мелдеш 10 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат жана анын негизги максаты – Темиркан Усуркановичтин үй-бүлөсү, жакын туугандары менен жүз көрүшүп, агабыздын жаркын элесине таазим кылып, милициянын өнүгүшүнө кошуп кеткен салымын эстеп, жаш кызматкерлерге насаат катары тарбия иштерине таасир калтыруу болуп эсептелет. Ушул мелдешке катышып жаткан бардык кызматкерлерге “Эмгектенгиле, эмгектен күчтүү балбан жок” деп айтмакчымын.

Анткени, маркум агабыз Темиркан Үсүрканович өз мезгилинин эмгекчили, мээнеткечи болгон. Ал, ар дайым “Иштегиле балдар, эмгек силерди өстүрөт” деп айтаар эле. Ошондуктан, агабыздын инсандык бийик сапаттары баарыбыз үчүн, айрыкча жаш кызматкерлерге бүгүнкүгө чейин үлгү болуп келүүдө. Анын иштермандыгы, кесипкөйлүгү ар бирибиздин эсибизде сакталып калды. Агабыз кемчиликти бетке айткан, тайманбаган курч адам болгонун жакшы билесиздер.

Ошол мүнөзүнө жараша милиция кесибин тандап, өмүрүн, бүткүл жашоосун милицияга берип, элдин кызматына арнаган деп ойлойм.  Урматтуу Темиркан Үсүркановичтин үй-бүлөсү, жакындары. Мындан ары үй-бүлөңүздөргө жакшылыктар боло берсин, агабыздын атын өчүрбөй көп жылдан бери ушул иш-чарага келип катышып, ар тараптан колдоп жатканыңыздар үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековдун, коллегия мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерге ыраазычылык билдирем.Темиркан Усуркановичтин эл үчүн иштеп, коомдук коопсуздукту камсыздоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө арнаган зор эмгектери “Кыргыз милициясынын” тарыхында түбөлүк сакталып калды. Ал эми, мелдешке аттанып жаткандарга “Спорттук” ийгилик коштосун” деген каалоону айтуу менен ар дайым бар болуңуздар»,-деди Сүйун Өмүрзаков.

Учурда кыргыз күрөшү боюнча мелдеш ИИМдин “Динамо”  спорт комплексинде өтүүдө.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы