Ош облусунун Алай районунун Тажикстан Республикасы менен чектешкен аймагында коопту кырдаал жаралгандыгына байланыштуу 4-июнь күнү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди а/а Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди, Чулук жана Шибе айылдарындагы тургундарын, Дароот-Коргон айылындагы А.Сайит атындагы орто мектептин, А.Мурзакулов атындагы орто мектептин, №44 кесиптик лицейдин, Борбордук мечиттин имаратына эвакуациялган.
 Учурда Чоң-Алай районунун кыргыз-тажик чек арасындагы Унжу-Булак аймагындагы абал туруктуу болгондугуна байланыштуу эвакуацияланган тургундар өзүнүн туруктуу жашаган жайларына кайтып келүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР