ӨКМ: Нарында катуу жааган жаандан улам таштар кулап жол жабылып калган
Арал—Мин—Куш авто жолунун 16-27кмде сел кыян суулары каптап тоо беттеринен 550-600м3 кум, таштар автожолго толуп калган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 7-июндан 08-июнга караган түнү саат 1:40 чамасында Жумгал райондук Өзгөчө Кырдаалдар бөлүмүнө Арал-Мин-Куш авто жолунун 16-24км жеринде жааган жандын кесепетинен таштар кулап жол жабылып калды деген маалымат келип түшкөн.
Билдирүүнүн негизинде Жумгал райондук Өзгөчө Кырдаалдар бөлүмүнөн 1 даана авариялык куткаруу автоунаасы жана 3 кызматкер жерине барды. Арал-Мин-Куш авто жолунун 16-27кмде сел кыян суулары каптап тоо беттеринен 550-600м3 кум, таштар автожолго толуп калган.
Аталган жерге Мин-Куш айыл өкмөтүнүн 1 даана жүктөгүчү, «Альянс-Экшн» фирмасынын 1 даана жана ДЭП-24 ишканасынын 1 даана жүктөгүч инженердик техникалары тартылып 04:20 чамасында жолдун бир тарабын ачышты. Тазалоо иштери улантылып жатат.