Мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев тез арада ооруканага жаткырылуусу кажет. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев инфарктка чейинки абалда, тактап айтканда, эски  ооруулары күчөдү. Бирок, бир ай мурун сот тарабынан дайындалган соттук-медициналык экспертиза аягына чыга элек.

Замир Жоошев белгилегендей, медициналык корутундулар камтылган  148 беттен турган көчүрмөсү сотторго өткөрүлүп берилген. Жактоочу экспертиза дайындалганын тактады.

“Алмазбек Атамбаевге комплекстүү дарылануу керек. Ал колониянын шартында дарылана албайт. Анын ооруканага жаткырылышы үчүн үй камагына чыгарууга санкцияны өзгөртүү өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылганбыз. Бирок алар бизден баш тартышты », — деди Замир Жоошев.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевге каршы бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш айылындагы башаламандык, коррупция жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу.