“Кумтөр Операйтинг Компани” Кесиптик Бирлигинин комитетинин  жана “КОК” профкомунун Төрагасы  Рамис Мамбеталиев «Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри мырзага эмгекчилердин кызыкчылыгын коргогон ачык кат жолдоду. 

«Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри мырзага

АЧЫК КАТ

Урматтуу  Скотт Перри мырза!

 Мен сизге “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын эмгек жамаатынын кызыкчылыктарын коргогон маселе боюнча кайрылам (КГК, Компания).
«Центерра Голд Инк.» 2021-жылдын май айынын ортосунда, кызматкерлердин дүйнөлүк маалымат тутумдарына жана КГКнын кызматтарына жеткиликтүүлүгүнө, «iScala» эмгек акыны төлөө программасына бөгөт коюлуп, учурда кызматкерлердин эмгек акысына байланыштуу кыйын кырдаал түзүлгөн.

Эмгек акы жөнүндө бухгалтердик маалыматтардын жоголушунан (жоктугунан) улам, эмгек өргүүсүн төлөөнү кечиктирүү коркунучу жогору, ошондой эле кызматкерлердин эмгек акысы жана ооругандыгы тууралуу өргүүнү эсептөөгө тарыхый маалыматтар керектелет; кызматкерлерге (мурдагы жана учурдагы) киреше жөнүндө маалымкаттарды жана башка жеке документтерди берүү кечиктирилип жатат.

Ушундай аракеттерге байланыштуу КГКнын кызматкерлеринин укуктары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери олуттуу түрдө бузулган.          Кызматкерлердин мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктары бузулбашы керек деп эсептейбиз. Кесиптик бирликтер жана эмгек жамааттары 2021-2022-жылдарга кол коюлган жамааттык келишим боюнча бардык милдеттенмелерин аткарышат.

Кумтөр долбоору боюнча «Центерра Голд Инк.»  менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосунда келип чыккан келишпестиктерге карабастан,  КГКга убактылуу тышкы башкарууну киргизүү, Компаниянын кызматкерлери  Кумтөр кенинин үзгүлтүксүз иштешин  жана  Компаниянын башка бөлүмдөрүнүн иштешин камтыган өзүнүн  жумуш  милдеттерин  аткарууну  улантууда.
Биздин кызматкерлер өз убагында иштегендиги үчүн жана толугу менен сыйлык алышы керек деп эсептейбиз. Кызматкерлер өкүм сүргөн кырдаалда «барымтага» алынбашы керек жана жумушчу орунга ээ болуу укугунан, эмгек акысына, жамааттык келишимде каралган артыкчылыктарга жана акы төлөө укугунан ажыратылбашы керек. Ушуга байланыштуу «Центерра Голд Инк.»  эмгек акы төлөө тутумдарына кирүү мүмкүнчүлүгүн кайтарып берет.

Эмгек жана жамааттык келишимдердин шарттарын аткаруу үчүн, Компания менен Профсоюздардын ортосундагы социалдык өнөктөштүктү сактоо жана чыңдоо максатында, жакынкы келечекте КГКнын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөчү «iScala» программасынын жана башка тутумдардын КГКга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда сизден жардам сурайбыз. Тараптардын ортосунда келип чыккан бардык келишпестиктер конструктивдүү жана мыйзамдуу жол менен чечилет деп үмүттөнөбүз жана күтөбүз.

Биз, КГКнын кызматкерлери, биздин Компания, жумушубуз, келечегибиз жана үй-бүлөбүздүн келечеги үчүн тынчсызданабыз жана «Центерра Голд Инк.» КГКнын кызматкерлеринин кызыкчылыгы үчүн, КГКнын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө боюнча маалымат базаларына кирүү мүмкүнчүлүгүн кайтарып берет.

Урматтоо менен,

“Кумтөр Операйтинг Компани”

Кесиптик Бирлигинин комитетинин жана

“КОК” профкомунун Төрагасы

 Рамис Мамбеталиев