2021-жылдын 10- июнунда Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Г.Абдралиева Баткен облусуна иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында Мин -Булак-Чорго-Аксай, жана Аксай-Рават  унаа жолдорунун курулуш иштери менен жеринен таанышты.

Ошондой эле Лейлек районундагы асфальт- бетон заводунун иши менен таанышты.

Бүгүн иш сапардын алкагында Мин -Булак-Чорго-Аксай, жана Аксай-Рават  унаа жолдорунун курулуш иштери менен  тиешелүү кызматтардын жетекчилери Ж.Содомбаевым жана А. Тайыров менен кѳзѳмѳл ѳткѳздү. Тиешелүү кызматтарга курулуш иштерин  оз нугунда жана пландалган мѳѳнѳткѳ аяктоо  ѳтѳ маанилүү экенин баса белгиледи.

Эртен иш-сапар  улантылып,  жолдордун курулуш менен таанышат.