Саясат

Джо Байден Борис Джонсонго велосипед белек кылды

G7 саммитине катышуу үчүн Карбис Бейге учуп барган АКШнын президенти Джо Байден Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон менен жолугушууда ага Америкада жасалган велосипед жана шлем белек кылды.

Өз кезегинде, көп учурда велосипед менен жүргөн Джонсон Байденге  сүрөт тапшырды.

Ал эми биринчи айым Джилл Байден англис жазуучусу Дафне ду Морьердин «Алма дарагы» аңгемелер жыйнагынын биринчи басылышын белек катары алды (1907-1989).

29-майда Улуу Британиянын премьер-министрине турмушка чыккан  Кэрри Джонсон АКШнын аскер кызматкерлеринин аялдары тарабынан тигилген булгаары сумканын жана президенттин жибек жоолугунун ээси болуп калды.

Байден менен Джонсондун эки тараптуу жолугушуусу салттуу форматта 11-13-июнь күндөрү Корнуолл жарым аралынын жээгиндеги Карбис булуңунда өтө турган G7 саммитинин алдында болду.

G7 өлкөлөрүнө,  Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Япония кирет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button