«Улуттук банк,  депутат Самат Ибраев Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын жоюу жөнүндө айтып жатып, мыйзамда каралган ыйгарым укуктардын чегинен чыккан деп эсептейт», — деп билдирди Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева.

Анын айтымында, парламентарийдин көптөгөн билдирүүлөрү абсурд жана чындыкка дал келбейт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши Баш мыйзамга негизделген. Ошол эле учурда, Улуттук банк бүгүнкү күндө эң ачык мамлекеттик органдардын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын каржылык отчету жыл сайын тышкы аудит тарабынан текшерилет жана Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет. 2000-жылдан берки бардык жылдык отчеттор Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылып, жалпыга маалымдоо каражаттарында.

“Кыргызстандын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” Мыйзамдын 66-беренесине ылайык, атаандаш рыноктордогу эмгек акы жана мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын, анын орун басарларынын жана директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кызматтык маяналары Президент тарабынан белгиленет.

«Урматтуу депутат өзүнүн сабатсыздыгы менен ар кандай функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ ар кайсы өлкөлөрдүн борбордук банктарынын ишин салыштырып, анан коомчулукту адаштырбай туура маалымат берсе. Улуттук банктын көзкарандысыздыгы маселеси мамлекеттин эгемендүүлүгү менен ажырагыс байланыштуу, анткени ушул учурда гана Улуттук банк республиканын көз карандысыздыгынын символдорунун бири болгон улуттук валюта — сомду чыгаруунун өзгөчө функциясына ээ ”,- дейт Аида Карабаева