Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдети дагы 619 адамдан аныкталып, 5 бейтап каза болду. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, илдетке кабылгандардын көбү Бишкекте жана Ошто катталды.
Бишкек шаары — 273;
Ош шаары — 110;
Чүй облусу – 99;
Ош облусу — 57;
Талас облусу — 7;
Нарын облусу — 5;
Ысык-Көл облусу – 22;
Жалал-Абад облусу – 26;
Баткен облусу — 20.
Муну менен өлкөдө коронавирустан жабыркагандардын саны жалпы 109 миң 812 болду.
Каза болгондордун төртөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көл облусунда катталды.
Республикада илдет катталгандан бери жалпы 1 миң 881 адам көз жумду.