Социалдык тармакта  Индияда  тартылган тасма кызуу талкууга алынууда. Шаарга “инопланетянин” келген деген божомолдор айтылууда.

Көчөдөн өткөндөргө  деле көңүл бурбай, жолдо тентип бара жаткан кубарган фигурага көз чаптырган көрүүчүлөр так ушундай тыянак чыгарышты. Адаттан тыш көрүнүшкө күбө болгондордун айрымдары сыйкырчыны көрүп жатабыз деп чечишкен.

Бийлик өкүлдөрү  окуя тууралуу  комментарий берүүдөн баш тартып, сыйкырчылар жөнүндө, башка планеталардан келгендер  жөнүндө же арбактар ​​жөнүндө билдирүү албагандыгын гана белгилешти.

Эске салсак, ушундай эле талашка кышында коңшу мамлекет Казакстанда тартылган тасма түшкөн. Анда түнкүсүн ак чачтуу адам тургундарды коркутуп жатканы айтылган.