Кечээ, 14-июнда милиция кызматкерлери «Тез жардам» станциясынын кызматкерлери менен биргеликте салтка айланган «Маяк» рейдин өткөрүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул иш-чара жол эрежелерин сактабаган жана атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарын өткөрбөгөн айдоочулардын арасында эреже бузуучуларды аныктоого багытталган. Рейд аймактагы автоунаалар эң көп жүрүүчү жолдордо өттү.

«Бир күндүк рейддин жүрүшүндө 21 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды, анын ичинен 7 айдоочу атайын белги коюлган унааны өткөрбөй коюшту. Аларга карата, бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, ар бир айдоочуга 10 миӊ сом өлчөмүндө айып пул салынды. Иш-чаранын жүрүшүндө атайын унааларды өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгү жана алардын окуя болгон жерлерге тез арада келишинен адамдардын өмүрлөрүн куткаруу мүмкүн болору эскертилди», — деп айтылат маалыматта.