Кырсык 14-июнда кечки саат он жарымдарда Казакстандын Экибастуз шаарында болгон.  Спирттик ичимдик ичкен жаран,  шейшептердин жардамы менен 3-кабаттан балкон аркылуу көчөгө түшүүнү чечкен.

«Үчүнчү кабаттан шейшеп менен түшүп баратканда шейшеп жыртылып кетип, адам жерге кулаган.  Алган жаракаттарынан улам  ооруканага жаткырылган.  Бирок, анын өмүрүн сактап калууга мүмүкүн  болбой, оорукандан көз жумган», — деп айтылат маалыматта.