Кылмыш-кырсык

COVID-19 илдетине каршы күрөшүүдө негизсиз сарпталган жарым миллиондон ашуун сом мамлекетке кайтарылды

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан COVID-19 коронавирус илдетине каршы күрөшүү багытында сарпталган акча каражаттарынын негиздүүлүгүнө карата текшерүү жүргүзүлгөн.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Баткен облустук биргелешкен оорукананын аппаратынын кызматкерлерине Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 10-июлундагы буйругунун талаптарын одоно түрдө бузуу менен 545 миң 480 сом ашыкча компенсация төлөнүп берилгендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокурордук акты келтирилип, аны кароонун негизинде 545 миң 480 сом мамлекеттин эсебине кайтарылган.

Бул багытта эффективдүү прокурордук көзөмөл жүргүзүү уланат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button