Коом
Коронавирус. 787 учур аныкталып, 4 бейтап каза болду
Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдети дагы 787 жарандан аныкталып, 4 бейттап каза болду. Бул тууралуу статистиканы республикалык штабдан кабарлашты.
Ага ылайык, Бишкек шаары — 368;
Ош шаары — 97;
Чүй облусу – 130;
Ош облусу — 96;
Талас облусу — 11;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 20;
Жалал-Абад облусу – 38;
Баткен облусу — 25.
Республика боюнча коронавирустан жабыркагандардын саны жалпы 112 миң 777 болду.
Ал эми медициналык жайларда дарыланып жаткандардын ичинен бир суткада 365и айыгып чыкты.
Акыркы суткада COVID-19 илдетинен дагы 4 адам каза болду. Каза болгондордун төртөө тең Бишкекте катталды.
Өлкөдө коронавирус илдети катталган күндөн тарта жалпы 1 миң 916 адам көз жумду.