Эми Кыргызстандан Иранга түз учууга болот. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, пандемия шартындагы узак тыныгуудан кийин 17-июнда аэропорт биринчи жолу Мешхед – Бишкек – Мешхед каттамын тосуп алды.

Ирандык Varesh Airlines авиакомпаниясы бул каттамды 1 айда 1 жолу жүргүзмөкчү. Учуу убактысы 2,5 саат.