Кадамжай районундагы Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Таабалдиев Райимбек Исмаилович шайланды.

Райимбек Таабалдиев жогорку билимдүү, адистиги ветеринар.

Өмүр баяны:

Таабалдиев Райимбек 1985-жылы Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Кызыл-Булак айылында туулган. Билимим жогору. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2008-жылы ветеринария адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.
Эмгек  жолун  2010-жылы Көтөрмө айыл өкмөтүндө ветеринардык жактан тейлөө боюнча ветеринар болуп иштөөдөн баштаган.

Андан кийин “Компаньон” МККсынын Кадамжай филиалына “Мал чарбасы боюнча адис-ветеринар”,  Кадамжай райондук эмгек ишке орноштуруу жана миграция болумундо башкы адис,  “Компаньон” МККсынын Кадамжай филиалынын кызматкери,  “Мол Булак финанс” МККда консультант, 2015-жылдан Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун Кадамжай району боюнча эксперти кызматтарын аркалаган.

2021-жылы Кыргыз Республикасынын “Коомчулуктарды колдоо CASA-1000” долбоорунун алкагында “Жаштарды иш менен камсыз кылуу” долбоорунда  “Тоолуу аймактарды колдоо программасы” коомдук фондунда Баткен областы боюнча фасилитатор болуп эмгектенип жатат.

2016-жылда жергиликтуу кенештин шайлоосуна катышып Көтөрмө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты, бюджет туруктуу комиссиясынын төрагасы болгон.

2021-жылдын 11-апрелинде откон жергиликтуу кенештин шайлоосунда депутат болуп, бардык депутаттардын колдоосу менен Көтөрмө айылдык кеңештин төрасы болуп шайланган. Ал бир эле мезгиллде Кадамжай райондук өнүктүрүү фондунун аткаруу кеңешинин мүчөсү болгон.

Жеке ишкер катарында айыл чарбасы жана мал чарбасы боюнча ар кандай долбоорлордо тренер, консультант болуп эмгектенип тренинг, семинарларды өткөрүп келген.

Үй-бүлөлүү. 3 баланын атасы.