Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аксы районундагы куткаруучулары бир ай мурун аты менен чогуу дарыяга түшүп кеткен 11 жаштагы баланын денесин табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы  билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-май күнү Аксы районунун Кара-Суу а/а Түрдүк жайлоосуна мал айдап бараткан (Э. Н. 2010-ж.т.) бала көпүрөдөн минген аты үркүп кетип Түрдүк суусуна ат менен кошо түшүп, ат суудан чыгып бала агып кеткен.

«Ошол күндөн бери тартып издөө жумуштары жүргүзүлүп табылбай келген. 22-июнь күнү издөө иштердин натыйжасында саат 18:00 чамасында Аксы райондук ӨКБнүн куткаруучулары тарабынан Желе-Терек тилкесиндеги сууга түшкөн жерден болжол менен 4-5 км. төмөн жактан баланын жансыз денеси табылып, суудан чыгарылып туугандарына өткөрүлүп берилди»,- деп айтылат маалыматта.