Акыркы күндөрү Афганистандагы кырдаал кескин начарлап кетти, анын ичинде Тажикстан менен чектешкен түндүк багытында. Талибан согушкерлери барган сайын провинцияларды жана райондорду басып алууда.

Анын алдында Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлери чек арадагы оор кырдаалды расмий түрдө жарыялашты деп билдирди Авеста агенттиги.

Ушул жылдын 22-июнунда Талибан кыймылынын куралдуу тобу Афганистандын Кундуз провинциясындагы Шерхон Бандар чек ара комиссариатына кол салган.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлеринин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө белгиленгендей, “22-июнь күнү саат 09.00гө чейин созулган куралдуу кагылышуунун натыйжасында, чабуулга туруштук бере албай, 134 аскер кызматкери ИРАнын өкмөттүк аскерлеринин Панждын 3- жана 4-заставалары аркылуу Тажикстан Республикасынын аймагына чегинүүгө аргасыз болушкан.

Такталган маалыматтарга караганда, акыркы он күндөн бери Тажикстан менен чектеш ИРАнын төрт провинциясында өкмөттүк күчтөр менен Талибандын ортосунда кагылышуулар болуп жатат.

Натыйжада, Тахор провинциясынын Чахеб, Янги Калъа, Даркад, Дашти Кала, Ходжагор уезддери, Кундуз провинциясынын Дашти Арчи, Имом Сохиб жана Калай Зол уезддери, ошондой эле Шерхон Бандар жана Кокул өткөрүү пункттары Талибандын көзөмөлү  астында калган.

«Тилекке каршы, бүгүн эртең менен, бир саатка созулган салгылашуудан кийин, Талибан Шир-Хан портун, шаарды жана Тажикстан менен чек арадагы бардык постторду басып алды», — деди провинциянын кеңешчиси Халиддин Хакми.

Бул кабарларды Талибандын өкүлү Забиулла Мужахид дагы тастыктады. Анын айтымында, алар «Шерхан-Бандарды жана Кундуздагы бардык чек ара бекеттерин толугу менен көзөмөлдөшөт»,-деген.