Бишкекте дагы эки пункт ачылып, каалоочулар   «Спутник V»  вакцинасын ала алышат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  учурда Бишкек шаарында 24 убактылуу эмдөө борбору бар.

«Спутник V»  ала турчу  жердлердин тизмеси:

Ленин районуну ҮМБ- 0312644557; 0505111330;

Свердлов районун ҮMБ — 0312635122; 0505286670;

Октябрь району ҮMБ- 0312570915; 0703293793;

Биринчи Май району ҮМБ — 0312325571; 0550701002;

Ленин району №2 ОТСМ КСМ — 0312210308; 0553116364;

Биринчи Май районунун No7 ОТСМ КСМ — 0312620962;

Свердлов району, №8 ОТСМ КСМ — 0312433903; 0551117744.

«Спутник V»   вакцинасын 60 жаштан ашкан адамдар, үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу менен өнөкөт оорулары бар бейтаптар жана медициналык кызматкерлер ала алышат.

Sinopfharm   вакцинасынын экинчи дозасы менен эмдөө No4, 9, 14, 15, 16, 17, 19 ҮМБда, Студенттердин шаардык поликлиникасында жана Темир жол ооруканасынын поликлиникасында дагы уланууда.

Вакцинацияланган адамдардын жанында паспорту болушу керек, анткени бардык маалыматтар (паспорт жана вакцина жөнүндө) эмделгендердин маалымат базасына киргизилет.

Эмдөөгө байланыштуу бардык суроолор боюнча ишеним телефону: 0312313297, 0500303343 жана Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын иммунопрофилактика бөлүмү: 0500303343, 0312546521, 0312546104 номерлерине кайрылсаңыз болот.