Коом

“Кумтөрдөн” 19 жаш адис «Mining Week Kazakhstan» көргөзмөсүнө Казакстанга учуп кетишти

Бул тууралуу “Кумтөр Гол ЖАКтын” сырттан башкаруучу менеджери Тенгиз Бөлтүрүк  Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында,  Иш-чара 2021-жылдын 22-24-июнь күндөрү Караганда шаарында өтөт.

“»Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын (КГК) ар кандай бөлүмдөрүнөн 19 жаш адис «Mining Week Kazakhstan» эл аралык көргөзмөсүнө катышуу үчүн Казакстан Республикасына учуп кетишти.

Иш-чара 2021-жылдын 22-24-июнь күндөрү Караганда шаарында өтөт.

Биз жаш адистерге билим жана көндүмдөргө ээ болуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылабыз!

Буга чейин, негизинен, ар кандай конференцияларга компаниянын менеджерлери катышчу. Бирок бизге жаңы потенциалы бар, жаңы идеяларды жаратууга, жаңы технологияларды жаратууга жана киргизүүгө жөндөмдүү, заманбап шаймандарда иштеген жаштар керек.

Мындан ары КГК өз адистерин илимий-техникалык конференцияларга жана көргөзмөлөргө жигердүү жөнөтөт.

Ийгилик жигиттер!

Аман-эсен барып келиңиздер!”,-деген ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button