Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 28-июнда, Ашхабад шаарында Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов кеңейтилген форматтагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Эки өлкө лидерлери кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык, отун-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташууну талкуулашты.

«Эки бир тууган элибиздин тарыхый жана руханий тамыры терең, тилдери менен маданий салттары окшош. Аларды сактап калуу, ошондой эле кыргыз-түркмөн гуманитардык байланыштарын мындан ары да тереңдетүү өзгөчө мааниге ээ. Эки элдин руханий жактан жакындашуусу кыргыз-түркмөн элдеринин ортосундагы достук жана ынак коңшулук салттарын бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн эске алуу менен, коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал жакшырганда, өз ара Маданият күндөрүн өткөрүүнү сунуштайм», — деп айтты Садыр Жапаров.

Президент Жапаров кыргыз-түркмөн мамилелеринин кеңири чөйрөсү боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү эки өлкөнүн кызыкчылыктарына толук жооп бере тургандыгын ырастап, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.