Ысык-Көлдө учурда ыктыярдуу элдик кошуундардын өкүлдөрү коомдук жайларда тартипти камсыз кылууда, милиция кызматкерлерине жакындан жакын жардам беришүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын коомдук коопсуздук кызматы билдирди.

Элдик сакчылар жашаган жериндеги кырдаалды жакшы билишет жана коомдук тартипти бузган адамдар жөнүндө да маалыматка ээ. Алар милициянын аймактык өкүлдөрү менен бирдикте коомдук тартипти сактоо боюнча кызматка чыгышып, ар кандай укук бузууларды аныкташып, ага бөгөт коюу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп келишүүдө.

Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда өткөн 300дөн ашуун иш-чарага коомдук тартипти сактоого элдик сакчылардын 1316 өкүлү тартылган. Ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү 116 укук бузуу фактыларын аныктоого көмөктөшкөн, анын ичинен 46 факты боюнча Бузуулар жөнүндө кодекстин 81-беренеси менен протоколдор түзүлүп, айып пул салынган. Алар 12 кылмыштын жана 56 жоруктун бетин ачууга катышкан.

Бүгүнкү күндө облуста ыктыярдуу элдик кошундарынын 355 мүчөсү курорттук жана эс алуу жайларда, пляждык аймактарда, ошондой эле эс алуучулар көп каттаган коомдук жайларда тартипти көзөмөлдөөдө ички иштер органдарына жигердүү жардамдарын көрсөтүп жатышат.